Япониядагы океанариумдагы пингвиндер ачкачылык жарыялады

Япониядагы океанариумдагы пингвиндер ачкачылык жарыялады. Инфляция – менюну алмаштырууга себеп эмес деген пикирде алар. Баалар кескин кымбаттап кеткендиктен, кызматкерлер арзаныраак балыкка өткөн.

 

Рациондун мындай өзгөрүүсүн пингвиндер кабыл алган жок. Аларга тамак берилгенде, жаныбарлар башын чайкап, арзан балыкты жегенден баш тартууда.