Беловодск айылында мектеп күйүп кетти

Беловодск айылында мектеп күйүп кетти. Жалын аянттын 500 чарчы метрин жабыркатты, — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

 

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп 1927-жылы курулуп, 2012-жылы авариялык абалда деп табылган. 2018-жылы анда окуу токтотулуп, мектеп имараты айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп, бош турган.