Кыргызстанга коронавирустан вакцинанын келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга коронавирустан вакцинанын келиши күтүлүүдө. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, “Синофарм” вакцинасын алып келүү суроосу чечилди.

 

Ал эми “Спутник V” препараты майдын аягында эле жеткирилмек, бирок бул вакцинага суроо-талап жогору болгондуктан, мөөнөт кечеңдеп жатат.

 

“AstraZeneca” тууралуу айта турган болсок, алгач Кыргызстанга бул препараттын Индияда өндүрүлгөнү жеткирилмек, бирок бул өлкөдөгү коронавирус боюнча абал кейиштүү болгонун эске алып, Түштүк Кореядан алып келүү чечими кабыл алынды. Вакцинан бардык түрү ушул айдын аягына чейин келип калат, — деди Ишенапысова.