Жапаров бейөкмөт уюмдар тууралуу талаштуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна кол койду. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Документ жарандык коомдун сынына кабылган.

 

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта “мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орнотуу болуп саналат”, деп айтылат.

 

Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алган. Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам кабыл алынган эмес.