Кыргызстандын милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Кыргызстандын милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

 

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, өлкө аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилгенине байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында министрликтин 6 миң 500дөн ашык жеке курамы ишке тартылып, күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

 

Ар бир аймакта санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, милиция менен дарыгерлер нөөмөттө турат.