Кыргызстанга Азиялык өнүктүрүү банкы 10 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынан билдиришти. Бул каражатты өкмөт Ош жана каракол шаарларында, Нарын облусунун айылдарында жана Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда таза суу системасын курууга жана оңдоого багытташы керек.
Белгилеп кетсек, биздин өлкөдө айылдардын үчтөн бир бөлүгүндө гана таза сууга мүмкүнчүлүк бар.