Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстанда коронавирустун кеңири  жайылуу себебин иликтеп жатат

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстанда коронавирустун кеңири  жайылуу себебин иликтеп жатат. Ведомстводон белгилешкендей, январдан июлга чейин 8 отурум өткөрүлүп, аларда мамлекеттик органдарга сунуштар берилген.

 

Андан кийин Коопсуздук кеңеши алардын ишке ашуусун көзөмөлгө алган. Учурда адистер мамлекеттик органдардын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын эмне себептен даярдыгы жок болгонун текшерип жатат.

 

Андан тышкары, Республикалык штабдын айрым өкүлдөрү тарабынан фармкомпаниялардын кызыкчылыгын жактоо жана шалаакылык фактылары боюнча сотко чейинки тергөө жүрүүдө.