Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 16,5 миллион доллар керектелет

Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 16,5 миллион доллар керектелет. Бул туралуу биздин өлкөдөгү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Назира Артыкова билдирди. Анын айтымында, уюм бул сумманы донорлордон сурап жатат.

 

Эгер каражат берилсе, аэропорттогу кызматтар, чек арадагы өткөрүү түйүндөр, Тез жардам кызматтары күчөтүлөт. Бүгүнкү күндө уюм Кыргызстанга 5 лаборатория тапшырды. 100 инфекционист жана 20 лаборатордук кызматкерлер окуудан өттү. Бүгүнтөн тарта бейтапканалардын жумушчулары дагы окутулат.