Кыргызстанда дагы 23 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 14, Чүйдө 1, Ысык-Көлдө 2, Ош облусунда 4, Ош шаарында 2 учур катталды. Жуктуруп алгандардын арасында 12 медицина кызматери бар.
Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 489га жетти.