Кыргызстанда бүгүн түшкө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок

Кыргызстанда бүгүн түшкө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок. 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо

башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында,

өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учур аныкталды. Ош облусунда – 20,

Жалал-Абаддан – 19, Бишкекте – 3өө, Чүй облусунда – 1 жана Баткенден 1 адам бар.

Бейтаптардын баары тиешелүү дарылануудан өтүп жатат.