Бишкекте коомдук жайлар толугу менен ишин токтотту

Бишкекте коомдук жайлар толугу менен ишин токтотту.

Мындан улам соода борборлору, тиричилик дүкөндөрү,

балдардын оюн-зоок аянттары, түнкү жана компьютер клубдары жабык.

Супермаркет, азык-түлүк сатуу жайлары жана дарыканалар кадимки

режимде ишин улантат. Ал эми кафе-ресторандар бир гана жеткирүү

кызматы менен кардарларын тейлейт. Коомдук унаалардын саны

кыскартылды. Мындан улам кичи маршруттук унаалар көчөлөрдө

каттоосун токтотту. Жүргүнчүлөрдү бир гана санитардык талаптарга

жооп берген троллейбустар ташыйт. Алардын каттамы

мурдагыдай эле өзгөрүүсүз.