Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты


Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты.

Калаа бийлигинин маалыматына караганда, тиешелүү токтомго ылайык мекемелерде

санитардык талаптар аткарылышы керек. Алсак, кире бериште фильтр орнотулуп,

залды 20 мүнөт сайын желдетип туруу зарыл, социалдык аралык сакталып,

жарандар беткапчан болуп, шахматтык негизде отурушу шарт. Белгилеп кетсек,

ордо калаадагы кинотеатр жана фуд-корттор марттан бери жабык болчу.