Жалал-Абад шаарында санитардык талаптар күчөтүлөт.
Учурда шаарда коронавирустун тарашы күчөп, эпидемиологиялык абал оорлошуп жатат.
Андан улам шаардык ыкчам штабдын отуруму өтүп, алдын алуу иш-чараларын күчөтүү
боюнча чечим кабыл алынды, — дешти мэриядан. Ага ылайык, түзүлгөн жумушчу топ
менчигинин түрүнө карабай соода түйүн, ресторан, тойкана, коомдук тамактануучу жай,
өнөр жай ишкана, калкты тейлөө, оюн-зоок, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде
санитардык эрежелердин сакталышына рейддерди жүргүзөт. Ири базарларда
атайын график менен жума сайын санитардык күн уюштурулат.