8-июндан баштап өлкөдөгү мечиттерге барууга уруксаат берилет

8-июндан баштап өлкөдөгү мечиттерге барууга уруксаат берилет.

Тиешелүү чечимди Республикалык штаб кабыл алды.  Маалыматка ылайык,

аталган мөөнөттөн тартып Кыргызстандагы мечиттерге, чиркөөлөргө жана

намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынат. Бул жайларга келгендер

беткап тагынып, кире бериштен адамдын дене табы өлчөнүп жана социалдык аралык сакталышы керек.