Ордо калаа ЖЭБине 1 миллиард 200 миллион сомго көмүр сатып алынат

Ордо калаа ЖЭБине 1 миллиард 200 миллион сомго көмүр сатып алынат.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, “Электр станциялары” ишканасы

кайрадан тендер жарыялады. Буга чейинки жарыяланган сынак уюштурулбай калган.

Компания 336 миң тонна кара отун сатып алуу ниетинде. Жеткирип берүүчү ишкана

көмөрдү темир жол аркылуу алып келиши керек. Буга чейин Өндүрүш, энергетика

мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов, Бишкек ЖЭБине 700 миң тонна

көмүр жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнүн билдирген.