Президент чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, өкмөткө көзөмөл-кассалык аппараттар боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүү тапшырылды.

Эми министрлер кабинети тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиши керек.

Ал эми Улуттук банк коммерциялык банктардын көзөмөл-кассалык функциясы бар POS-терминалдарды милдеттүү түрдө колдонуусун камсыздоосу зарыл.