Кыргызстанда Жогорку сот толугу менен карантинге жабылды

Жогорку соту 6-апрелден 13-апрелге чейин карантинге жабылганын жарыялады. Жарандар Жогорку сотто каралуучу иштердин графигин төмөндөгү телефондор аркылуу билсе болот:

 

Жазык иштери боюнча — 0 312 66-35-01;

 

Административдик жана экономикалык иштер боюнча — 0 312 66-34-29;

 

Жарандык иштер боюнча — 0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29.

 

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими жарыяланган. Буга чейин Кыргызстандын сот органдары өзгөчө абал шартында кадимки тартипте иштей берерин билдиришкен.