Нарындагы контейнер мектептин ордуна жаңы мектеп курулууда

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерлерден тургузулган мектептин ордуна жаңы мектеп курулат. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында 150 окуучуга эсептелген орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппаратттын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Мектептин мурдагы имараты 1971-жылы салынган жана учурда авариялык абалда турат. Өткөн жылы окуучулар контейнерлерден тургузулган мобилдүү мектепте окууга аргасыз болушкан. Бул коомчулукта кеңири резонансты жараткан. Жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан жана 2020-жылы курулуш иштери башталган.

 

Президент билим берүү системине башкача мамилелерди талап кылып жатканын баса белгилеп, ага байланыштуу бардык аймактарда заманбап стандарттарга жооп берген жаңы мектептерди куруунун маанисине токтолду.

 

Мектепти куруп жаткан жумушчуларга кайрылган мамлекет башчысы курулушту ушул жылда бүткөрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Жаңы мектептин курулуш иштерин ноябрь айында жыйынтыктоо пландаштырылганы белгиленди.

Өлкө башчы коронавирус инфекциясынын пандемиясы жаңы талаптарды, анын ичинде билим берүү чөйрөсүнө жаңы милдеттерди аныктагандыгын кошумчалады. Мындан улам санариптештирүү процессине өзгөчө көңүл бурууга дагы бир жолу чакырып өттү.

 

Буга чейин интернет тармагында Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкуу жаратып, коомчулукту дүрбөткөн. Мындан улам кайдыгер эмес жарандар аталган мектепти ашар жолу менен салууну демилгелешкен. Кийинчерээк өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бул мектеп жабылып, окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлөрүн маалымдаган.