Кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпиондору аталды

Кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпиондору аталды. Биринчилик Спорт ордосунда өтүп, ага жалпысынан 226 спортчу катышты. Алар ар кандай салмак категориясында күч сынашты.

 

Алтын медалдарга Баяман Абидинов, Роман Сапаров, Самат уулу Рабил, Санжар Аманов, Бектуркан Кожомуратов, Нурислам Идирисов жана Мирлан уулу Бактияр ээ болушту.