Бокс боюнча тандоо турнир Кытайдан Иорданияда жылдырылды.
2020-жылкы “Азия жана Океания” аймагынын олимпиада оюндарынын тандоо туру
3-марттан 11ине чейин Амман шаарында өтөт. Анда 13 салмак категориясында
63 жолдомо үчүн таймашуу өтөт. Ага Кыргызстандан 7 спортчу катышат.
Буга чейин, лицензиялык мелдеш февраль айында Кытайдын Ухань шаарында өтмөк.
Жылдыруу аталган шаарда чыккан вируска байланыштуу.