Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
мелдеш бүгүн эртең спорт ордосунда өтөт. Балбандар бүгүн 5 салмак
категориясында күч сынашат. Спорттук иш-чарага көрүүчүлөр киргизилбейт.
Бардык санитардык эрежелер сакталат. Чемпионат улуттук
курама командаларды түзүү максатында өткөрүлүп жатат.