Токио-2021 Олимпиадасынын уюштуруу комитети мелдештердин өзгөртүлгөн программасын жарыялады.
Дүйнө чемпиону, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 3-августта килемге чыгат. Грек-рим
күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков да ошол күнү күрөшөт. Жаңыланган жадыбал боюнча спорттук
күрөштөр 1-августтан 7сине чейин созулат. Ар бир салмакта 16 катышуучу бар. Эске салсак,
эки спортчу былтыр Нур-Султанда өткөн дүйнө чемпионатында Токио Олимпиадасына лицензия алышкан.