Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалардын тыгыны жаралды

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалардын тыгыны жаралды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка” жана “Чалдыбар” өткөрмө бекеттеринде бир канча машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турат.

 

Мекеме узун тыгындын себебин Салык кызматынын “Жыйынды пост” маалымат системасынын ишинин үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүрдү. Жагдай боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрп жатат.