Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюулууда. Салык кызматы өткөрмө бекеттерде колдонулган “Жыйынды пост” маалымат тутуму калыбына келтирилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, автоматташтырылган система 28-июлга караган түнү интернеттин өчүп калганына байланыштуу үзгүлтүккө учураган.
Буга чейин Чек ара кызматы “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка” жана “Чалдыбар” өткөрмө бекеттеринде бир канча машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турганын маалымдаган. Узун тыгындын себебин “Жыйынды пост” тутумунун ишинин үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүргөн.