Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 55ке жетти

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 55ке жетти.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын арасынан үчөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, калгандары ооруканага жаткырылды.

 

Андан тышкары,   15 жаштагы кызга ок тийип, ал каза тапты. Ведомстводон белгилешкендей, дагы курман болгондор болушу мүмкүн, бирок алар боюнча маалымат такталып жатат.