Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу толук токтоду

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу толук токтоду. Бирок кырдаал курч деп бааланууда.

Бул тууралуу 24 агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Субаналиев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик келтирилген чыгымдын көлөмүн эсептеп жатат.

Канча турак жай, соода түйүндөрү жана социалдык объектилер өрттөнгөнү аныкталып,

зыяндын эсеби такталат. Субаналиев Баткендин учурдагы абалын согуштан кийинкиге салыштырды.

Эске салсак, чек арадагы чыр-чатак кезектеги ирет 28-апрелде Көк-Таш айылындагы

“Головной” суу бөлүштүрүүчү түйүндүн аймагында чыкты. Пикир келишпестик кагылышка чейин жетти.

Эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган. Ал кийин ок атышууга айланды.