“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 20 чакырым темир жол сатып алды.
Рельстердин биринчи партиясы өлкөгө келип түштү. Темир түзүмдөр 2021-жылы
чыккан жана алар Кыргызстандын талаптарына толук жооп берет. Эми алар
көйгөй жаралган темир жолдорго төшөлөт. Алсак, иштер темир жолдун
148-чакырымынан «Балыкчы» станциясына чейин 14 чакырым жерде,
«Кара-Балта» станциясынан 141-айрымга чейин 5 чакырымда жана
«Мерке-Чалдовар» тилкесинде 1 чакырым аралыгында аткарылат.