YouTube мындан ары видеого карата дизлайктардын санын көрсөтпөйт.
Компания өзүнүн расмий сайтында жарыялагандай, мындан ары терс
сын-пикирлердин статистикасы жашыруун болот жана аны контенттин
авторлору гана көрө алат. Ошол эле учурда жаккан жок» баскычы кала берет.
Мындай чара колдонуучулардын контентин ар кандай чабуулдардан
алдын алуу максатында киргизилди.