Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн которулган акчанын көлөмү 17 пайызга жогорулады

Кыргызстанга быйыл былтыркыга салыштырмалуу чет өлкөлөрдөн которулган акчанын көлөмү

17 пайызга жогорулады. Быйыл жыл башынан бери республикага 2 миллиард 32 миллион

доллар келди, — деп билдиришти Улуттук банктан. Андан белгилешкендей, сентябрда мигранттар

өлкөгө 295 миллион 500 миң доллар которушту. Бул бир ай мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу

22 пайызга же 53 миллион долларга көп. Салтка айлангандай акчанын көбү – 98 пайызы

бизге Россиядан жиберилди.