«Кыргызалтындын» төрагасы кармалды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей,
шектүү алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин
мүчөсүн кызматтан алам деп коркутуп, айлыгынын бир бөлүгүн ага өткөрүп
берүүнү талап кылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында,
100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Кызматкер
УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда