Добуш сатып алуу боюнча кылмышка шектүү кармалды

Добуш сатып алуу боюнча кылмышка шектүү кармалды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, «300 кишиден кем эмес добуш салып бергиле»

деген видео боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Маалыматка караганда, 30-августта

соцтармак аркылуу мыйзамсыз иштер тууралуу видео тараган. Анда Нарын районунун 1986-жылы туулган жараны

башка адамдарга добуш салып берүү келишимдерин түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

Катталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө аракеттери жүрүп жатат.