Дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген насыя бериле баштайт

Дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген насыя 15-февралдан тартып бериле баштайт.

Премьер-министр Улукбек Марипов жарыялагандай, жеңилдик “Айыл чарбасын каржылоо-9”

долбоорунун алкагында жеткиликтүү болуп, тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен

5 жылга чейин насыя берилет. Анын айтымында, өкмөт айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча

лизингдик программаны ишке ашырууга 540 миллион сом бөлүп берет. Ошондой эле дыйкандар үчүн

базар баасынан 30 пайызга арзан үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлөт