Бишкектеги Улуттук госпиталды оңдоо иштери кышка чейин аяктайт

Бишкектеги Улуттук госпиталды оңдоо иштери кышка чейин аяктайт.

Мэриянын маалыматына ылайык, медициналык мекеменин муун

хирургиясы жана ашкана бөлүгү ремонттолот. Ички жасалгалоо

иштери аткарылып, пол, электр тармактары жаңыланат. Ошондой

эле жуунучу кабиналар орнотулуп, палаталардагы

санитардык бөлүмдөр оңдоп-түзөлөт.