Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу документ алуу шарттары жеңилдеди

Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу документ алуу шарттары жеңилдеди.

Эми Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары бала төрөлгөнү тууралуу фактыны

ата-энесинин документи жок болсо же өз убагында берилбесе өз алдынча каттай берет.

Каттоонун «асырап алууну мамлекеттик каттоо» жана «аталыкты белгилөө» деген эки түрү жоюлду.

«Атасынын аты» деген жерге өз атасынын же асырап алуучунун атын жаздырууга уруксат берилди.

Ошондой эле ата-эне жаңы төрөлгөн баласына «өздөрү кайсы жерде катталган болсо,

ошол жерден күбөлүк ала алат» деген талап мындан ары болбойт.