Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү.
Бүгүн түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана
Чүй облусунун тоолуу райондорунда үшүк жүрүшү күтүлөт. Абанын табы 0дөн -2 градуска чейин төмөндөйт.
Мындай аба-ырайы айыл чарба жумуштарын, малды жаюуну,
унаа кыймылын жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.