Бишкетин бир аймагында 4 күнгө ысык суу, газ жана жылуулук өчүрүлөт

Бишкетин бир аймагында 4 күнгө ысык суу, газ жана жылуулук өчүрүлөт.

Мэриянын маалыматына ылайык, 6-декабрдан 10уна чейин Крылов көчөсүндө жана

Кызыл куруучу конушунда аталган коммуналдык кызматтар тейленбейт.

Убактылуу чектөөлөр Курманалиев менен Алыбаев жана Ломоносов

көчөлөр кесилишине чейинки бөлүктөгү жер астындагы

газ түтүктөрүн ондоо иштерине байланыштуу.