Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыгы 1-2 айда белгилүү болот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, эл каттоонун биринчи жыйынтыгы май айларында алынып баштайт, бирок расмий акыркы жыйынтыкты чыгарууга 1 жылдан ашык убакыт талап кылынат.
Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт. Алыскы аймактарда процедура кечирээк башталат.