Бишкектеги “Ата-Түрк”, “Ынтымак” сейил бактарында оттоп жүргөн жылкылардын ээси табылып, 3 миң сом айып салынды

Бишкектеги “Ата-Түрк”, “Ынтымак” сейил бактарында оттоп жүргөн жылкылардын ээси табылып, 3 миң сом айып салынды. Мэриянын маалыматына ылайык, Буга чейин жылкылардын тобу борбор калаанын ар кайсы районунда жайылып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар интернет колдонуучулар тарабынан айтылып келген.

 

Жылкылар Чоң-Таш айылындагы тургунга таандык экени аныкталды. Бул боюнча протокол түзүлдү. Учурда жылкылар жашыл зонага кандай зыян келтиргени текшерилип жатат.