Ош шаарында 22-октябрдан тартып жылуулук берилип баштайт.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койду.
Андыктан, алдыңкы 4 күндүн ичинде шаар толук түрдө жылуулукка туташат. Эске салсак,
буга чейин Ош шаарынын төрөт үйлөрүнө гана жылуулук берилген.