Жаңы биометрикалык чет элдик паспорттор менен катар буга чейинки үлгүдөгү документтер бирдей колдонулат. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Андан такташкандай, 2006-жылкы үлгүдөгү чет элдик паспорттордун жарактуу мөөнөтү аягына чыга элек болсо, алар мурдагыдай эле юридикалык күчкө ээ. Эске салсак, биометрикалык чет элдик паспортторго документтерди кабыл алуу кампаниясы 3-майда старт алды.
Документтин баасы андагы барактардын санынан көз каранды болот.