Өлкөнүн банк системасында туруктуулук сакталууда

Өлкөнүн банк системасында туруктуулук сакталууда. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, бул үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат.

 

Салым жасагандар жана насыя алгандар үчүн эч кандай коркунучтар жок. Учурда банктардын эсебинде аманат салымдары катары  200 миллиард сом бар. Каражат ишенимдүү түрдө сакталат, тынчсызданууга себеп жок, — деди Карабаева.