Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эки өлкө ортосундагы 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.

 

Мындай макулдашуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен Шинжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Ма Синжуйдун Бишкектеги жолугушуусунда жетишилди.

 

Мындан тышкары тараптар Шинжаң автономиялуу району менен ишкерлер кеңешин, Шинжаң менен Ысык-Көл облусу ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү келишимдерине кол коюшту. Саламаттык жаатында кызматташтык да макулдашылды.

 

Эске салсак, Кытайдын өкүлү Кыргызстанга 30-мартта жумушчу сапары менен келген.