Улуттук онкология борборуна эки заманбап аппарат сатылып алынды

Улуттук онкология жана гематология борборуна эки заманбап аппарат сатылып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жаңы аппараттардын орнотулушу негизинен гинекологиялык оорулар менен кайрылган бейтаптарга көрсөтүлгөн нур терапиясынын көлөмүн көбөйтөт.

 

Жабдуулардын жалпы суммасы 1 миллион 400 еврону түзөт.