Таласта Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталды

Таласта Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталды.

Президент аппаратынан билдиришкендей, иштер Киров суу сактагычында жүрүп жатат.

ГЭС  ишке киргенден кийин жылына 92 миллион кВт-саат электр энергиясын өндүрө алат.

Долбоорду ишке ашырууга дээрлик 23 миллион доллар керектелет. Каржылоо

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан болсо, куруу, монтаждоо иштерин

ата мекендик компаниялар жүргүзөт. Пландалгандай, ГЭС 2022-жылдын

декабрында пайдаланууга берилет. Белгилеп кетсек, ГЭС ишке кигенден кийин,

андан иштелип чыккан электр энергияны сатуу менен долбоорду ишке ашыруу

үчүн алынган каржылык милдеттенмелер толук жабылат. Муну менен өлкөнүн

мамлекеттик бюджетине эч кандай оорчулук келбейт.