Баткен районунда таза суу көйгөйү качан чечилет?

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Самаркандек айыл аймагына иш сапарынын алкагында аймакты таза суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштен кабар алды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, айыл аймакта негизинен ичүүчү суу көйгөйү жаралып келет. Элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн былтыр ноябрь айында 24 миллион сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 200 м³ суу кампасы курулуп биринчи этабы май айында ишке кирет деп күтүлүүдө.

 

Бул суу кампасы бүткөрүлсө Самаркандек жана Паскы-Арык айылдары толугу менен таза суу менен камсыздалат.

 

Ал эми экинчи этабын бүткөрүү үчүн кошумча каражат талап кылынат.