Бишкекте мектептер жана бала бакчаларды ачуу күнү белгилене элек. Бул тууралуу novosti.kgге мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Муниципалитеттен белгилешкендей, бул маселе жума сайын көтөрүлгөнү менен, акыркы чечим кабыл алына элек.
Эске салсак, учурда Бишкекте 1-5-9-11-класстардын окуучулары гана мектептерге келип окуп жатат.
Февралдан тарта калган окуучулар дагы салттуу режимге кайтат деп пландалып, бирок мөөнөт кезектеги ирет кайра жылдырылды.