Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн түзүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн программасы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, 11-класстын окуучуларына телесабактан сырткары кошумча дагы ЖРТга даярдыктар көрсөтүлүп жатат. Тестирлөө качан өтөт, азырынча белгисиз. Кошумчаласам, Казакстанда Бирдиктүү улуттук тестирлөөнүн программасынан IV чейректин суроолору алып салынган.