Кыргызстан Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты баштады.
Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн комитет түзүү чечими кабыл алынды.
Эске салсак, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл күзүндө Түркиянын Изник шаарында өтөт.