Чолпон-Атада IT мугалимдери үчүн тренинг өтүүдө

Чолпон-Атада IT мугалимдери үчүн тренинг өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан өкүлдөр катышууда.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

IT тренерлер катары Microsoftто жана мектеп окуучуларынын электрондук мектеп, маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча мектептик билим берүү тармагында тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистер келген.

Ошондой эле, актуалдуу темалар, фейк деген эмне, эл аралык PISA баалоосун өткөрүүдө мектептик билим берүү жана IT-технологиялар тармагында ар кандай электрондук аянтчаларды колдонуунун эффективдүүлүгү каралууда.