Кыргызстанда дагы 163 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 163 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 78, Чүйдө 52, Ошто 6, Нарында 2, Ысык-Көлдө 15, Жалал-Абадда 6, Баткенде 4 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 87 миң 717 адам коронавирусту жеңди.